Бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү.

Атамбаев куттуктоосунда эки өлкөнүн ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо ишине казак президентинин салымы Кыргызстанда жогору баалана турганын билдирген.

“Кыргыз-казак өз ара пайдалуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин андан ары өнүктүрүү бир тууган эки элдин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деп терең ишенем», — деп айтылат телеграммада.