Түркиянын президенти Стамбулдагы жардырууга кыргыз жаранынын тиешеси бар деген оюн айткан.

Бул боюнча Кыргызстан Түркия бийлигине тактоо үчүн расмий билдирүү жөнөттү.

КР ТИМ жооп күтүп жатканын билдирди.

Тайип Эрдоган буга чейин Стамбулдагы жардырууда Дагестан, Кыргызстан, Таджикистан мамлекеттеринин жарандарынын изи бар, ал эми чабуулду  «Ислам мамлекети» терросттик тобу жасады деп айтып чыккан.

3 жардыруу Стамбулдагы Ата-түрк аэропортунда 28-июнь күнү болгон. Теракттын кесепетинен 44 адам анын ичинен 19 чет өлкөлүк каза тапкан. 239 киши жабыр тарткан.