Бир нече жылдан бери Бишкек шаарынын бак-дарактардын жалбырагынын саргайып жатканына жашоочулар күбө болууда.
Мэриянын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей Крамер жашыл бактардын саргайышынын себебин Saat.kgге түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, жалбырактардын оорусу «миналачу таарыгыч» (минирующий пилильщик) деп аталат. Бул оору жашыл көчөттөрдүн иммунитетин басаңдатып коёт. Туутануу мезгили апрелден-майга чейин болот.
Бишкекте бак-дарактар 2008-жылдан бери жабыркап келет.
2011-жылы Улуттук Илимдер Академиясында бул маселеге тиешелүү тегерек стол өтүп, жыйынтыгында Орусиядан алынып келинген дарылар менен бактарды иштеп-чыгуу чечими кабыл алынган.
Сыноо максатында шаардын четинен 75 гектар жерге биодармек леподиоцид чачылып, бактар тазаланган. Бирок бул дармек пайдасыз болду деген ойлор айтылып, карама-каршы пикирлер жаралган.
«Азыркы учурда жардам берди же бербеди деп айта албайм, бирок дарактар акырындап калыбына келе баштаган «,- дейт агроном.
Эмендердин жалбырагынын саргайышы былтыр азайып, оорунун белгилери байкалбагандыктан, УИА быйыл дарылоонун кажети жок деп чечим кабыл алган. Бирок аба ырайынын туруксуздугунан улам кайрадан оору күч алган.
“Дары чачуу апрель айларында жүргүзүлүшү керек. Азыр кеч болуп калды”,- дейт С. Крамер.
Ал билдиргендей, шаар тургундарынын бак-дарактарды суугарбай коюп, саргайып жатат деген ойлору туура эмес.
«Аларды кыйып салышат деген да туура эмес. Биз комплекстүү дарылоо жүргүзүп, кыйып салууга барбайбыз»-, деп белгиледи ал.