Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов Кыргызстандын президенти сүйлөп жатканда өзүн туура эмес алып отурган жаш казак дипломатына нааразы болгондордон кечирим сурады.
Ал көпчүлүктүн көзүндө болгондон кийин бардыгына этият болуу керек экенин айткан. Бул тууралуу nur.kz жазып чыкты.
Ташкенттеги ШКУ саммитинде Алмазбек Атамбаевдин артында отуруп тырмагын кемирип, уйкуну эстеп, башкалар менен сүйлөшүп отурганда камерага түшүп калган. Видео интернет айдыңына тарап, кызуу талкууга алынган.
Ерлан Идрисовдун айтымында, жаш дипломаттын кесипкөйлүгүндө эч кандай маселе жок.