Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болуп жаткан Хиллари Клинтон жана АКШ президенти шейшембиде шайлоо алдындагы алгачкы митинг өткөрүштү. Анда Кошмо Штаттардын лидери Хиллари Клинтондун талапкерлигин толугу менен колдоду.
Миңдеген демократ-шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып Обама Клинтон олуттуу сыноодон өткөнүн билдирди. Анын айтымында, өлкө тарыхында буга чейин мындай билгир талапкер болгон эмес. “Ал келечегибизди өзүбүз аныктай турганыбызга ишенет. Бул үчүн биримдиктүү болушубуз зарыл экенин түшүнүп турат”,-деди Барак Обама.
АКШ президенти митинг учурунда республикачыл Дональд Трамптын ысымын атаган жок. Бирок шайлоочулар өткөн менен келечектин ортосунда тандоо жасашы керектигин кыйытты. Анын көз карашы боюнча болочокко жол баштап бара турган талапкер Хиллари Клинтон болуп эсептелет. “Мен эстафета таякчасын Хиллари Клинтонго берүүгө даярмын, ал илип кетет деп ойлом”,-деди Обама.
Бул жолугушууга бир нече саат калганда АКШ Федералдык тергөө бюросу Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы болуп турган кезде жумуш боюнча кат алышууларга жеке электрондук дарегинен пайдаланганы үчүн кылмыш ичи ачылбай турганын билдирген.
Клинтондун шайлоо штабы маселе чечилгенине кубанычта экенин маалымдады. Ал эми анын атаандашы Дональд Трамп Федералдык тергөө бюросунун чечимин «адилетсиз» деп атады.