Жарандар жер салыгын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк салыктарын, анын ичинде автоунаа салыгын, ошондой эле патенттин негизинде төлөнүүчү салыктарды, “РСК банкынын” Алай кард, Visa, MasterCard төлөм карталарын колдонуу менен банктын банкоматтары жана терминалдары аркылуу төлөй алышат.

Банкоматтар жана терминалдар аркылуу салыктарды төлөө үчүн болгону салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИСНи), мүлк объектисин же ишмердигин каттаган ордун (каттоо), автотранспорт каражатынын номерин жана төлөнүүчү салыктын суммасын билүү жетиштүү.

Салык төлөнгөндөн кийин төлөм картасын колдонуучуга чек чыгарылып берилет, аны сактап коюу керек экенин мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Төлөм карталары аркылуу салыктарды төлөө кызматы ыңгайлуу жана жөнөкөй жол-жобо болуп саналат, анткени аны каалаган убакытта кассага келип кезек күтүп отурбастан, болгону бир нече мүнөттүн ичинде ишке ашырууга болот. Бул кызмат салык төлөөчү үчүн да абдан пайдалуу, анткени салык инспектору менен түздөн-түз болуучу байланыштын алдын алат.