Коомдук угууну өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитети жана алтын кенди иштетүүгө укук алган “Альянс Алтын” ишканасы уюштурду.

Жолгушууга жергиликтүү калк, комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана ишкананын кызматкерлери катышты.

“Альянс Алтын” ишканасынын өкүлдөрү алтынды казып алууда зыянды азайтуу үчүн чараларды көрө турганын билдирди.

Алар кенге байланыштуу калктын суроо-талаптарына жооп беришти. Мындан тышкары, компания жергиликтүү калкты социалдык пакет менен камсыз кылуу долбоорун сунуштады. Соцпакетти камсыз кылуу үчүн атайын “Бакубат Талас” деген фонд түзүлгөн. Фонддун эсебине 35 млн сом түшкөн.