Президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсүнө жана жакындарына арнап, өзү чыгарган бир нече ырын CD-дискке жаздырууну чечти.

Буга чейин орус тилинде 5 ыры жазылган. Аны үн режиссер Эрнист Үмөталиев («Экорекордс» студиясы) Президенттин кеңсесинде жаздырган эле. Аудио жаздырууга мамлекет башчысынын бир саатка чукул убактысы кетти. Август айында, эмгек өргүү учурунда Атамбаев кыргыз тилинде дагы 5 ырын жаздырууну мерчемдөөдө. Ырларды угуп, президенттин көптөн берки жолдошторунун бири Фуркат Турсунов эски советтик фильмдердеги эпизоддорду пайдалануу менен ал ырларга клиптерди жасаган. Алардын даяр болгонун режиссер өзү каалаган убакта интернетке чыгарат. Ошондой эле ырларды үн жазгычка жаздырган Эрнист Үмөталиевдин өтүнүчү боюнча президент жаш режиссер Мирлан Саткынбаевге Кыргызстан жаштары тууралуу өзүнүн көрмө материалдарынын негизинде ырлардын бирине клип тартууга уруксат берди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү