Финансы министрлиги жакынкы күндөрү «Балыкчы –Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду» унаа жолун реконструкциялоо» долбоорун каржылоону пландоодо.
Республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин эсебинен 1 млрд сом суммасында кошумча акча каражаттарын тапты жана быйылкы жылдын июль-август айларында транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин табыштамасына ылайык каржылайт.
Каржылоо Балыкчы – Корумду унаа жолунун 46,5-76,5 чакырым, 81,1-83,640 чакырым аралыктагы жолуна макулдашылган график менен ачылат.






























