Лион шаарында Португалия менен Уэльс ортосунда жарым финалдык оюн болду.

Португалия курамасы Евродо эң көп голду дал ушул Лион стадионунан киргизген. Венгрия менен болгон беттеште катары менен 2 топ атаандашынын дарбазасына киргизген Роналду андан кийин эле тынчып калган. Бул жолу да негедир барын футболчунун оюну эмес, жаңы чач жасалгасы кызыктырып жаткандай болду.

Бирок уктап жаткан арстан ойгонгондой сымал. Экинчи таймда Уэльс дарбазасына топ кирип, Роналду киргизген голдорун Мишель Платиникине теңей алды.

3 мүнөттөн кийин эле артынан экинчиси киргенде Португалия күйөрмандары жеңишти майрамдай баштады.

Эсеп 2:0. Португалия финалда. Уэльс үйүнө жөнөдү.