Баткен облусунун тургунун белгисиз адамдар бычак менен коркутуп 35 000 сом жана 2000 АКШ доллар акчасын тартып алган.
Аны 2-июлда Бишкектеги Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан “Кыргыз-Темир” ишканасынан жанынан коркуткан.
Кылмышка шектүү деп Чүй облусунун, Бишкектин жарандары кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп, дагы бир каракчылык фактысына тиешеси бар экени аныкталды.