«Велодром» стадионунда өткөн беттеш Франция курамасынын жеңиши менен аяктады.

сүрөт:uefa
сүрөт:uefa

Немис машинесин Антуан Гризманн токтотту. Алгач Бастиан Швайнштайгердин катасынан улам айып соккусунан, андан соң туура дарбазаны көздөй тепти. Криштиану Роналдуну 4 турнирдеги 9 голу менен Платиниге теңеп атсак , ал эми Гризманнга Евро-2016 чемпионатында 6 топту дарбазага таамай тээп киргизип койгонго жетиштүү болду.

сүрөт:uefa
сүрөт:uefa

Ошентип бул оюн көп нерсени аныктап берди. Португалиянын атаандашын, алтын бутсанын ээсин, Франциянын жаңы баатырын.

Франция -Португалия курамалары 10-июлда “Стад де Франс» стадионунда беттешет.

Месут Озил

Буга чейин Португалия курамасы Уэльсти 2:0 эсеби менен уткан.

Бөлүшүү