Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Ысык-Көлдүн ыйгырым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев тонолгон орусиялык туристтин үй-бүлөсү менен жолукту.

Акибаевдин жардамчысы Айбек Шаршембиев маалымдагандай, алар «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинен 3-4 күнгө эс алып, дарыланат.

“Мындай окуя – айрым учурларда гана кездешет. Кыргыз эли абдан кең пейил калк, биздин мейман достукту көрүүгө мүмкүнчүлүк болот”,- деди Акибаев.

Дмитрий Ребров ыраазычылыгын билдирип, укук органдарынын ыкчам ишине баа берди.

4-июлда орусиялык турист майып баласын Ысык-Көлгө дарылоого алып келе жатканда, жолдон өздөрүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштыргандар тоноп кеткен.

Бүгүн ИИМ аларды кармаган.

 

Бөлүшүү