Ал 15 жылдан бери аборт болгон балдарды көмүү менен алектенип, жүздөн ашуун асырап алган балдары бар.

Күндөрдүн биринде вьетнамдык Тонг Фуок Фук кош бойлуу аялы менен клиникага барат. Кезек күтүп отурган Тонг бир оорукана бөлмөсүнөн кош бойлуу аялдар ыйлап чыгып жатышканын байкайт. Окуя толугу менен түшүнүктүү болот.

Катуу таасирленген, бир чети боору ачыган Тонг өзү курулушчу болгондуктан, чогулткан акчасына тоонун жээгинен жер тилскесин сатып алып, атайын уруксат алып аборт кылынган балдарды көмө баштайт. Мүрзөлөрдү көрүп энелер али жарык дүйнөгө келе элек балдарынын өмүрүн кыюудан баш тартат деп ойлойт.

Бир аз убакыт өтүү менен колунда жок, баласын бага албай турган кош бойлуу аялдар Тонгго келе башташат. Ошентип Тонг дагы бир үй куруп балдарды багып алууга өтөт. Жүздөн ашуун баланы багып, адашып кетпеш үчүн “жүрөк”, “намыс” деген сыяктуу аттарды коюп, энесинин жана өзүнүн фамилиясын кошуп каттатат. Кийин жашоо –шарты оңолгондо апалары келип балдарын алып кетишет.

“Өмүрүмдүн аягына чейин ишимди таштабайм жана ушул балдарым менин ишимди улантышат” – деп Тонг kulturologia.ruга билдирген.