Ысым адамдын тагдырына таасир этет деп айтышат. Ал түгүл айрым учурларда кичине бала атын көтөрө албай башка ысымга которгон учурлар кыргыз элинде кездешкен.

Замандын жана убакыттын өтүшүнө жараша аттар да өзгөрүп келген. Мурун кыргызда майрам күнү төрөлсө “Майрам” деп ысым ыйгарып, жеңиштен кийин Жеңишбек, Женишгүлдөр көбөйгөн. Бүркүт, Карга, Теке деген сыяктуу жана жерге карата Долон ашуусунда төрөлгөн баланын аты “Долон” деп коюлган.

Кыргыз ысымдарына -кан, -гүл, — бай же — бек кошулган. Мисалы, Мээримгүл, Уларкан, Керимбай же Кенжебек.

Бир кездерде орустардын эл агартуусуна болгон таасиринен улам Төрөбайлар — Торовай, Кубаттар – Куват, Жусуптар – Джусуп, Айнагүлдөр- Айнагуль болуп кетишкенин билебиз.

Орустар менен аралашып, ССРБ орногон жылдарда Россия, Таллин, Советбек, Света деген ысымдар коюлуп, 1960-70-жылдардан бери карай Бакыт, Махабат, Эрнис, Гүлзат, Гүлнара деген ысымдар ыйгарыла баштаган. Эгемендүүлүктү алгандан кийин Каныкей, Сайкал, Толгонай, Жаңыл Мырза деген аттар көбөйгөн. Эки муундун ортосунда Асел, Мээрим, Самат, Мирлан деген аттар популярдуу болгон. Ал эми акыркы жылдары нукура кыргыз аттары менен заманбап аттар көп коюлууда. Алардын катарын Айбийке, Даткайым, Айназик, Нурэл, Нур, Эрбол, Аруузат деген ысымдар толуктап, аны менен катар тил сындырган Мирабелла, Эстелла, Айлин, Миранда, Эльберт, Рейн деген аттар басымдуулук кылууда.

Андан сырткары исламдагы Айша, Сумая, Исмаил, Раян деген ысымдар көп коюлууда.

Эми ошол эле ысымдардын лакап аттарына баам салып көрсөк алар да заман, убакытка жараша өзгөрүп келген. Окшоштуруп, кыскартып же эркелетип айтуу жагынан да бир топ кызыктуу лакап аттар пайда болгон.

Кенжебек, Кемергүл, Кумарбек, Капарбектер — Куку, Каку, Куке, Кеки, Кеку болгон. Калгандары Куке, Муке, Туку, Жаку, Жыкы, Наку, Шаку, Шаке, Шеке, Мэку, Аку, Аки, Бопу деген лакап аттарга ээ болушкан.

Андан сырткары эркелетүүчү Такелең, Шакен, Шакелең, Укелең, Накинтай, Сакинтай, Жакиш, Акишжан деген күчөтмөлөрү болгон. Орустарга аралашканда Каныбектер – Коля, Кайыргүлдөр – Катя болуп кеткендерине азыр да күбөбүз.

Кийин алар да өзгөргөн. Азыркы күндө алардын баары Нурчик, Мирба, Айба, Тара, Зама, Жика, Нура, Айка, Мэка, Салта, Кузя болуп өзгөрүп кетишкен. Ал эми Айжандардын – Айжана, Шириндердин –Ширина, Толкундардын — Толкуна деп заманбапташып кеткени бар.