Улуттук статистикалык комитети менен БУУнун lүйнөлүк азык-түлүктөр программасы (ДАП) биргелешип иштешүү vеморандумуна кол коюшту. Cтаткомитет билдиргендей,   ДАП мындан ары Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна арналган ар жылдык атласына айыл чарба, калк, жакырчылык, илим-билим, коомдун саламаттыгы, тамактануу жана азык-түлүк товарлары жөнүндөгү статистикалык маалыматтарын колдоно алат.

Тараптар заманбап технологияларды, географиялык маалыматтык системаларды жана ыкчам коммуникациялык технологияларды колдонууну колго алат. Андан сырткары аталган программа stat.kg мобилдик колдонмосун иштеп чыгууга көмөкчү болот.