Бүгүн Чүй облусунун ИИБ башчысы Капар Батырканов орусиялык турист Дмитрий Ребров менен жолукту.

Ребров кыргыз милиция кызматкерлеринин оперативдүү иштегенине токтолуп, ыраазычылык билдиргенин K-News жазып чыкты.

4-июлда орусиялык турист майып баласын Ысык-Көлгө дарылоого алып келе жатканда, жолдон өзөрүн милиция деп тааныштыргандар тоноп кеткен.

Кылмышка шектүү деп мурда милиция болуп иштегендер кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул окуяны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алышкан.