Улуттук илимдер академиясында Чынгыз Айтматовдун энциклопедиясын даярдоо жана басып чыгарууга арналган жыйын болду.
Талкууга жазуучунун чыгармачылыгы менен өмүр жолун изилдеп жүргөн окумуштуулар, журналисттер, адабиятчылар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Буга чейин элге тартууланган Токтогул Сатылганов, Алыкул Осмонов, Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин чыгармаларынын энциклопедиялары, кыргыз элинин элдик оозеки поэзиясы, манасчыларына арналган энциклопедиялар кооомдун рухий жактан өнүгүүсүнө зор таасир берип, тарыхый ордун тапкандыгы баса белгиленди.
Энциклопедия 10 томдук болуп чыгарылышы керектиги жана аны чыгарууга демөөрчү издөө керектиги айтылды.