Lacoste маркасындагы бут кийимдерди чыгаруучу ишкана кытай инвесторлору тарабынан былтыр ачылган.

Алты ай ичинде фабрика 145 млн сомдук товар чыгарганга жетишкен. Товар Орусияга эскпорттолот. 120 жумушчу оруну бар жана анын 80%ын жергиликтүү тургундар түзөт.

Ишкананын директору Ван Вей иш сапары менен барган Экономика министри Арзыбек Кожошевге кайрылып, Крден товар чыгаруудагы уруксат берүүчү тастыкмаларды чечип берүүнү өтүндү.

“Жүк ташуучу унаабыз товары менен каттоо жүргүзүп бүткөнчө жана тастыктама алгычакты 3 күн кармалууда” – деп билдирди директор.

Бөлүшүү