15-18-сентябрга чейин Алматы шаарында өтө турган Апиславиянын (Балчылар уюмдарынын федерациясы) конгрессине 20дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

Алардын арасында бал азыгын өндүрүү тармагынын кесипкөй адистери, окумуштуулар, апитерапевттер, улуттук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бал челекчилер жана башкалар болот. Кыргызстандан 2 балчелекчилер уюму барат.

“Кыргыз балчелекчилер союзунун” билдирүүсү боюнча, конгресске катышуу жакшы мүмкүнчүлүк болот. Анткени, бал менен алектенгендер башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен тажрыйба алмашып, жаңы ачылыштарга күбө боло алышат.

Бардык Славян өлкөлөрүнүн балчелекчи уюмдарынын башын бириктирген Апиславия федерациясы – 1910-жылы Болгарияда негизделген. Анын курамына 15тен ашуун мамлекет кирет. Ага 2006-жылы Турция жана 2012-жылы Казакстан мүчө болгондон кийин, федерациянын географиялык чени кеңейген.