БУУ Калк фонду ЮНФПА Бүткүл дүйнөлүк калк күнүнө карата “Өспүрүм кыздарга инвестициялар” деген темада талкуу өткөрдү.

Маалымат боюнча, бүгүнкү күнү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда энелердин өлүмү жогорку деңгээлде болууда. Бул терс тенденцияны шарттаган факторлордун арасында эрте никени жана эрте эне болууну атоого болот. КМШ статистикалык маалыматтары боюнча, Кыргызстан 15-19 жаш курактагы бала төрөөнүн саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинде экинчи орунда турат.

Бөлүшүү