11- июлду БУУнун өнүктүрүү программасы 1989-жылы расмий түрдө калк күнү деп жарыяланып, уюмдун алдындкалк фонду негизделген.
1820-жылы жер бетинде 1 млрд адам жашаган. 1927-жылы 2 млрд, 1960-жылы 3 млрд, 1974-жылы 4 млрд, 1987-жылы 5 млрд, 1999-жылы 6 млрд жана 2011-жылы калктын саны 7 млрд болгон.
U.S. and World Population Clock сайтындагы эсептегич боюнча жер бетинде 7 млрд 337 млн адам өмүр сүрүүдө. Калкынын санынын көптүгү боюнча Кытай (1 млрд 374 млн), экинчи орунда Индия (1 млрд 267 млн) жана үчүнчү орунда АКШ (323 млн 996 млн) турат. Калкынын саны эң аз өлкөлөрдүн ичинен Ватикан биринчи орунда. Анда 836 миң киши жашайт.
Ал эми Кыргызстандын калкынын саны 2016-жылдын январь айындагы эсептөөлөр боюнча 6 млн 19 миңден ашкан.
Countrymeters долбоорунун эсептөөсү боюнча планета элинин саны 2017-жылдын 5-мартында 7 млрд 500 млн адамды түзөт. Ал эми 2022-жылдын декабрь айында 8 млрд га жетет.