Барселона клубунун оюнчусу Лионель Месси 2018-жылы келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу клубдан кетүүнү ойлонуп жатат.

sportbox.ru сайты жазгандай, акыркы жаңылыктар футболчуну катуу ойго салды жана өзгөрүүлөр тууралуу ойлондурду.

Ал аябай тынчсызданып жатат, өзүн куугунтук сымал сезүүдө.

29 жаштагы Аргентина спортчусу Чили курамасынан Аргентина жеңилип калгандан кийин жана  сот аны салык төлөбөгөнү үчүн 21 айга эркинен ажыраткан соң бул чечимди ойлонуштура баштаган.

Буга чейин ал Аргентина улуттук курамасынан кетем деп жарыялаган эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү