Казакстандык Tengrinews.kz сайтынын кабарчысы Ысык-Көлгө келип, туристтик сезонго байланышкан бир катар терс көрүнүштөрдү байкаганын жазып чыкты.

Балыкчы-Корумду жолундагы Ысык-Көлдүн түндүк жээги ар бир километринде түбүнө чейин казылып, пансионатардга алып баруучу жолдор менен жүрүү мүмкүн эмес экенин белгилеген.

Жол куруучулар жолду жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата салынып жаткан ат майданын суткалап иштесе да бүтпөстүгүн, келерки сезондо гана даяр болорун, мурун Бишкектен Балыкчыга 3 – 3,5 сааттык жол 4,5-6 саатка чейин чоюлуп жатканын билдиришти деп жазган.

Туристтердин жана эс алуучулардын аздыгы жер-жемиш, балык жана тамак-аш азыктарын саткан жергиликтүү жашоочуларга жана пансионат ээлерине кедергисин тийгизип жатканын кошумчалаган.

Саясий талаш-тартышка байланыштуу жол куруучулар маянасын өз убагында ала албай жатканын жазган кабарчы, июль айынын аягы-август айынын башы жолдордун бир бөлүгү оңдолуп бүтсө, эс алуучулардын көп санда келиши күтүлүүдө деген.

Бөлүшүү