Балбан буга чейин «канында кызытма бар» деп лицензиядан кол жууган.
Кенжеев Saat.kgге билдиргендей, күнөө андан деле кеткен эмес. Анын айтымында, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам, бул абалга туш келген. Азыркы учурда лицензия кайрадан кайтарылып берилиши мүмкүн. Себеби 0,1 бул уруксат берилген норма.
Кенжеевдин юристи Жоомарт Жолдошев лицензия кандай жол менен алынганын бир-эки күндөн кийин айтып бере турганын айтты.