Кыргызстанга бал аары тукумдарын ХIX кылымдын 60-70 жылдарында сырттан келгендер ала келишкен. Өлкөнүн жаратылышы аарылар үчүн ыңгайлуу болгондуктан 100 миң тоннага чейин бал алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бал өндүрүүнүн көлөмү 1990-жылдары жогорку көрсөткүчкө чыгып, 11 миң тоннага жеткен. 1993-жылы рыноктук экономикага өтүү мезгилинде балчылардын иши солгундап кеткен. Мурун 305 миңден ашуун аары тукумдары бар болсо, алар 53 миңге азайып, балчелекчилер ишин токтотуп же башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. 1998-жылдагы өкмөттүн токтому менен өнүктүрүү иши колго алынган.

Акыркы убактарда кыргыз балы дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө таанылып, баалана баштады. 2015 жылы Түштүк Кореяда өткөн Апимондия (Балчелекчилердин бүткүл дүйнөлүк ассоцияциясы) конгрессинде кыргыз балчылары гран при сыйлыгын, алтын, эки күмүш медалдарын жеңип алышкан. 2013-жылы Киевде өткөн көрсөтмөдө үч алтын жана эки күмүш медалга ээ болушкан.

Ат-башы өрөөнүн балы бренд болууга жетишкен. Жапондорго жагып, Үрүмчүнүн дүкөндөрүнө коюлуп, Малайзияга экспортко чыкканын жана азыр Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учуру.

«Кыргыз балчелекчилер коомунун» төрагасы Казим Каракетовдун айтымында, коомдо 654 балчелекчи бар. «Былтыр 12 миң тоннадай бал өндүрүлүп, азыркыга чейин 2 миң тоннасы экспортко чыгууда. Аткезчилик менен туристтердикин кошкондо 3 миң тоннадай бал сыртка чыгарылды”, – деп билдирет.

Ал билдиргендей, бал менен Кыргызстан көп ийгиликтерди багындыра алат. Болгону колдоо жана балчыларга билим керек. Ага карата тренинг борбору ачылган. Ал эми атайын билим берүүчү окуу жайы жок.

“Ошондой эле кайра иштетүүчү бир гана фирма бар. Алдыда иштетип чыгаруу боюнча фабрика ачууну пландап жатабыз”, — дейт.

Ошондой эле азыркы учурда болжол менен 200 миң бал аарысы бар экенин кошумчалады.

«Башка өлкөдө химия бар болгондугу үчүн аарылар өлүп калат экен. Биздики табигый таза болгондугу үчүн бал өндүрүү оң жолдо” – деди ал.

Жакында эле кыргыз балчелекчилери нөлдүк тариф менен Евро биримдикке бал экспорттоого мүмкүнчүлүк алган. Ошондон кийин балчелекчилер алгач Германияга мум  жөнөтүшкөн. Ал эми балдын өзүн жөнөтүү үчүн тастыктамалар керек. Ошондуктан балчелекчилер да башка фермер, дыйкандар менен кошо лабораториянын салынышын, ишке киргизилишин күтүүдө.

“Европага экспорттоло турган балдын улгүсүн жөнөткөнбүз. Августта лаборатория салынып бүтсө экспорттоого мүмкүнчүлүк алабыз” – дейт Казим Каракетов.

Балчелекчилерге билим берүү менен чектелбестен өндүрүүнүн технологиясын иштеп чыгуу керек экенине токтолду. «Органикалык түрдө экспорттосок деген оюбуз бар. Башка өлкөлөрдө техникалык жана технологиялык жактан жакшы шарттар түзүлгөн. Биз Америкага жөнөтө турган болсок жеткирилиши, жол чыгымдары болуп отуруп убарасы көп болуп калат” – дейт ал.

Мындан тышкары, Каракетов Кыргызстан бал менен байыса боло турганын айтты.

Кыргыз балы мурун ССРБ өлкөлөрүнүн арасынан үчүнчү орунда турган. 2010-жылы Апимондияга, 2014-жылы Апиславияга мүчө болгон.  

“Эки жылдан бери ар кандай көргөзмөлөргө катышып келе жатабыз. Апиславия жана Апимондия деген сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги иш чараларды биз да өткөрсөк деген кыялдарыбыз бар. Кыргызстан этин, сүтүн, балын, суусун сатып экономикасын гүлдөтүп алса болот. Анткени, бизде башкалардыкындай мунай менен газ жок” – деп кошумчалайт төрага.