Кыргызстандын ички дүң өнүмү мурунку жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу 176 млрд сомду түздү.
Анын төмөндөшүнө өндүрүштүн жана транспорт тармагынын көлөмүнүн кыскарышы таасирин тийгизген.
Жана ошондой эле өндүрүш продукциясы быйылкы жылдын январь-июнь айында 79 млрд сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 19,5%га төмөндөп кеткен. Ал баалуу металлдардын, текстиль тармагынын, кийим-кече тигүү жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн кыскарышына байланыштуу болгон.