“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров менен болгон жолугушууда «Мурас» коомдук уюумунун башчысы Калыбек Назарбаев жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиев эрдик көрсөткөн Лиски районунун Селявное айылындагы достук үйүн толук бүтүрүү милдети турганын билдирди.

Ар жылы Жеӊиш күнүндө жана өлгөн күнү 6-августта баатырдын эрдигин эскерүүгө келген кыргызстандыктардын саны көп болгондуктан, райондук бийлик аталган айылдагы эски бала бакчанын имаратын достук үйүн уюштуруу үчүн берген.

Бул жерде иштеген эмгек мигранттары аталган үйдүн курулушун аягына чыгаруу үчүн бир миллион сомдой каражат жумшаган, бирок ал каражат курулушка толук жеткен эмес. Сабиров аталган достук үйү боюнча маселени Жогорку Кенеш менен тиешелүү министрликтердин алдына койорун билдирди. Ошондой эле, ал достук үйү пайдаланууга берилсе, Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги менен музейине келгендердин саны мындан да көбөйө турганын, алардын эс алуусуна жагымдуу жагдай түзүлөрүн кошумчалады. Учурда Воронеж областында 260 кыргызстандык эмгектенет.

Москва шаарында депутат Максат Бабиров менен кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Кыргызстандын элчилигинин имаратында жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев катышты. Анда каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн санитардык жактан тейлөө баасынын өскөнү, аларды Кыргызстанга жеткирүүдө мамлекеттик авиакомпаниялардын иштебей жатканы, жаш балдардын метрикасы ката жазылгандыктан, бир топ көп бүлөлүү мигранттар аэропорттон кармалып жатканы сындуу бир катар көйгөйлөр тууралуу сөз жүрүп, документти туура эмес даярдаган органдын кызматкерлерин жоопко тартуу талабын билдиришти.

Эл өкүлү диаспора өкүлдөрүнөн Кыргызстандан ишке орношом деп келгендерге жакындан жардам берүүсүн өтүндү. Ошону менен бирге, жолугушууда айтылган суроо-талаптардын чечилиши жаатында иш алпара турганын билдирди.

Бөлүшүү