Дүйнөнүн 148 мамлекетинде аккредиттелген дүйнөлүк интелектуалдык «Меориад» олимпиадага даярдык көрүү аркылуу Бишкекте эл аралык борбор ачылуу алдында турат.

Ал жерден жаш кыргызстандыктар өтө турган интелектуалдык мелдештерге даярданышат. Акылдуу математиканын ыкмаларын үйрөнүп, эс тутумга көнүгүү жасашат жана тез окууга машыгышат.

Дүйнөлүк олимпиада эл аралык башкармалык уруксат берген өлкөдө төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Түркияда өткөрүлгөн «Мемориад-2012» олимпиадасында 7 реккорд коюлган, анын бир канчасы Гиннес китебине киргизилген.

2016-жылы Олимпиада АКШда өткөрүлүп, анын жалпы байге фонду 38 500 долларды түзөт. Олимпиаданын катышуучулары 14 ар түрдүү категория боюнча ат салышып, ар бир категориянын чемпиондору 1500 доллардан алат, күмүш байгенин ээси 750 доллар жана коло медалчы 500 долларга ээ боло алат.

 Эртең бул тууралуу кененирээк маалымат берүү үчүн иш-чара өтө турганын Атай Бейшенбек уулу кабарлады.