Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен делегациянын жетекчилери Жеоффри Хенебери, Куанчинг Чы жолукканда Нарын облусунун бийик тоолуу Нарын жана Ат-Башы райондорундагы климаттык өзгөрүүлөр жана элге таасир бериши боюнча изилдөөлөр башталып жатканын маалымдашты.
Делегациянын жетекчиси, долбоордун илимий координатору жана АКШнын Түштүк Дакота мамлекеттик университетинин геомейкиндик илиминин айырмачылыгы борборунун директору Жеоффри Хенебери, аталган долбоор Американын улуттук космос агенттиги НАСАнын фонду тарабынан каржыланып, Кыргызстандын Эл аралык университетинин илимий кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп 3 жылга созулаарын айтты.
Анын айтымында акыркы 15 жылда Ат-Башы жана Нарын районунун жайыттарындагы өсүмдүктөрдүн өзгөрүүлөрүн, тоолордогу кардын өзгөрүүлөрү боюнча космостон сүрөткө түшүрүлгөн. Бирок космостон тартылган сүрөттөр аркылуу так маалымат алуу мүмкүн эместигин маалымдап, изилдөөлөрдү жеринде өткөрүү зарылчылыгы келип чыкканын билдирди.
Ал эми экинчи долбоорду Пенсильвания мамлекеттик университетинин профессору Куанчинг Чы ишке ашырат. Профессордун маалыматы боюнча Ат-Башы районунун тургундарынын экономикалык абалы, миграциясы жана акча которуулары боюнча социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Салыштыруу ишин жүргүзүү үчүн бул долбоор Ош облусунда дагы өткөрүлөөрүн кошумчалады.
Облус башчысы Аманбай Кайыпов калктын көпчүлүк бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенерин жана облустун экономикасына тийгизген таасири чоң тармактардын бири экенин белгиледи. Жайыттарды туура пайдалануу боюнча бир катар иштер жүрүп жатканын маалымдап, илимий делегация тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр өзүнүн жыйынтыктарын берет деген ишеничин айтты. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан изилдөө иштерине тиешелүү жардамдар берилип, көзөмөлгө алынаарын билдирди.