“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 1996-жылдан бери карай салынган үйлөрдү алуу жана сүрдүрүү жөнүндөгү мыйзамдын маанисин түшүндүрдү.

Текебаев билдиргендей, шаардын генпланына туура келбеген жана мыйзамсыз салынган үйлөр алынышы керек.

“Шаар ичинде мыйзамсыз салынган, ээлери чет өлкөгө чыгып кеткен 250гө жакын көп кабаттуу үйлөр бар. Бирок, анда адамдар жашашат. Прокуратура алар менен иш алып барсын. Ижарага берилген жерлерге көп кабаттуу үй курганга уруксат берилбейт» — деди эл өкүлү.

Юристтердин билдирүүсү боюнча фракциянын демилгеси Конституцияга туура келбейт.

Эскерте кетсек, июнь айында “Ата Мекен” фракциясы Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөрдү жана имараттарды түрттүрүүнү коомчулукка сунуштаган. Белгиленген аймакка 1,5 гектарлык Сүйүмбаев, Линейный, Жибек жолу көчөлөрү  жана Жаш гвардия бульвары менен чектелген квадрат кирет.