Кыргызстандын спортчулары 3 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медалга ээ болушту.
Спорт агенттиги билдиргендей, жогорку деңгээлдеги сыйлыктарга татыган: Денис Петрашов (сууда сүзүү), Кубанычбек Айбек уулу (дзюдо) жана Ильгиз Матмусаев (бокс).
Экинчи орун үчүн- Денис Петрашов жана Нургазы Жанбонусов (самбо).
Ал эми үчүнчү орундагы сыйлыкка – Хамид Санзанза, Адиль Мырзаев (дзюдо), Тайырбек Жумашбек уулу (эркин күрөш), Дастанбек Ормонов, Санжар Сейдакматов, Урмат Бектурсунов, Сүйүнбек уулу Сулайманов (бокс) жан Апиляр Юбуров (таеквондо).
Мелдеш 5-17 июль күндөрү Якутск (Россия) шаарында өтүп жатат. 22 спорттун түрү боюнча медалдар ойнотулууда.