“Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы Бишкектеги авариялык абалдагы бактарды кыйып жатат.
Мэриядан кабарлагандай, социалдык тармактарда ишкана жакшы бактарды кыйып жатат деген нааразычылыктар пайда болду.
Кыйылган дарактардын ордуна жаңысы отургузулат.
Июль айында 31 дарак кыйылды.