Германия канцлери Ангела Меркелдин иш сапарына байланыштуу 14-июлда борбордук көчөлөр убактылуу жабылат.

8:45-9:15ге чейин Абдрахманов көчөсү Фрунзеден – Киев көчөсүнө чейин, Чүй проспекти Шопоков көчөсүнөн – Турусбеков көчөсүнө чейин, Манас-Тынчтык проспектиси Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин тосулат. Ал эми саат 15:00-15:30га чейин Манас-Тынчтык проспектиси резиденциядан Жибек Жолу көчөсүнө чейин, Жибек Жолу көчөсү Исанов көчөсүнөн – Фрунзе көчөсүнө чейин, Фучик көчөсү Жибек Жолу көчөсүнөн шаардын четине чейин жабылат.

Жол жабуу графигин Патрулдук милиция башкармалыгы сунуштап, айдоочуларды эскертет.