“Бишкек” эркин экономикалык аянтында жайгашкан Корей ишканасынын мыйзам бузуулары аныкталды.

Жер кодексинде чет өлкөлүктөр 50 жыл гана ижарага жер алып колдоно алат дегенине карабай, “Бишкек” ЭЭАсы менен Корей компаниясынын ортосунда 93 жылга келишим түзүлгөнүн экотехинспекция билдирди. Андан кийин аталган компаниянын экономикалык аянттагы каттоосунун мөөнөтү 2013-жылы бүткөн. Мөөнөтүнөн 2,5 жыл убакыт  өтүп кеткени анык болгон.

Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ВДНХ) жайгашкан территориядагы эстеликтерге аяр мамиле жасалбай, алар азыр “мышык ыйлаарлык” абалга жеткен. Андан сырткары эки көлөмдүү чуңкур казылып (котлован) 6601 кв метрлик жер аянты бузулууга дуушар болгон. 57 терек, 59 алма жана башка бак-дарактар кыйылган. Жалпы келитирилген зыяндын суммасы 460 миң 648 сом болгон.

Ошондой эле 360 кв метр жерге уруксат кагаздары жок “Бакча-Сарай” кафеси салынганын экотехинспекциясы кабарлады.