Орус интернет айдыңында улуттук кураманы кетирүү турасында талкуу күч алууда.
change.org сайтында жарыяланган петиция «Биз уялып эмес, мактангыбыз келет» деп аталат.
Демилгечилер команда “ишеничти актаган жок” деген айып менен таратып салуу керек экенин айткан.
Бул кат Орусия президенти Владимир Путин, төрага Дмитрий Медведев, Орусиянын спорт министирлиги жана футбол федерациясынын президенти Виталий Муткого жеткирилет.
Петицияда: жаңы курама түзүлүшүн, үнөмдөлгөн акчага футбол аянтчалары курулушу керектиги жазылган
Европа Чемпионатында Орусия тайпалык оюндардан да чыга албай эң акыркы 4-орунду алган. Англия менен тең, ал эми Уэльс менен 0:3 эсебинде ойноп, турнирде бир эле упай алган.
Мында алар эң начар курама катары аталгандан кийин команданын эки футболчусу Павел Мамаев жана Александр Кокорин Монте-Карлодогу кымбат түнкү клубдардын биринде 500 бөтөлкө шампан ичимдигин алып майрамдаганы интернетке чыгып кеткен.