Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.

Аны «Манас« аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев тосуп алып, андан алардын расмий жолугушуусу болду.

Президенттик аппараттан билдиргендей, расмий визитттин алкагында Атамбаев менен Меркелдин сүйлөшүүлөрү жүрөт.

Ангела Меркель

«Алар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын абалын жана аны мындан ары тереңдетүү маселелерин сүйлөшөт. Аны менен катар эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу суроолор боюнча талкуулашат”, — деп кабарлады.