Президент Алмазбек Атамбаев Германия канцлери Ангела Меркель менен болгон жолугушуудан кийинки жыйынтыктоочу иш-чарада өз оюн билдирип баннерди илгендерди колдой экенин айтты.

Ар бир эл үчүн эң негизгиси маданиятын, тилин жана кийимин сакташы керек экенин билдирди.

“Чоочун маданиятты таңуулоого эч кимдин укугу жок. Динге жамынып таңуулап жатышат. Мен Куранды толук окуп чыккам, анда «адамды өлтүрүү бүткүл дүйнөнү жок кылуу менен барабар» деп жазылган» -деди.

Ал тургай президенттик аппаратка баннерди илгендерге каржылык колдоо көрсөтүлсүн деген буйрук бергенин айтты.

Бөлүшүү