Бүгүн Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен президент Алмазбек Атамбаев жолукту.

“Мен сизди жана делегацияны кыргыз жерине келиши менен куттуктайм. Сиздин визит Кыргызстандын 25 жылдыгы менен дал келгендиги кубандырат. Биз сизди абдан күткөнбүз. Бул жолугушуу биздин мамлелерди жаңы деңгээлге алып чыгат деп ишенем”,- деди Атамбаев.

Ангела Меркель өз учурунда кыргыз жаштары менен жолугууга жетишкенин айтып берди.

“Кыргызстан кичинекей, бирок укмуштуудай өлкө. Мен университеттерге барып, жаштар менен сүйлөштүм. Азыр силер оор экономикалык абалда турасыңар, бирок силер демократия жолун тандап алдыңар. Бүгүн биз өзүбүз тараптан кандай жардам бере аларыбызды талкулайлы деп турабыз”, — дейт канцлер.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү