Олимпиада оюндарына бара турчу спортчулар жана делегациянын тизмеси такталды.
Жолдомосун кайрадан кайтарып алган Жанарбек Кенжеев менен Кыргызстандын капчыгында 18 жолдомо жана Параолимпиадалык оюндарга 3 лицензия бар.
Ошондо Бразилияга 18 спортчу, 17 машыктыруучу, 2 укалоочу, 1 дарыгер. Ал эми делегациядан: машыктыруучу топтун жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев, УОК штаб жетекчиси Каныбек Осмоналиев, делегациянын жетекчиси Канат Аманкулов, УОК президенти Шаршенбек Абдыкаримов жана басма сөз катчы Кабыл Макешов менен бирге 45 адам барат.
Оюндар 5-21-августта Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат. Учурда Бразилиянын монета сарайында 812 алтын, 812 күмүш, 864 коло, баары биригип 2488 медаль даярдалды.