Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олландга Ниццада болгон терактка карата көңүл айтты.

“Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атыман набыт болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен жабыр тартканкандардын сакайып кетүүсүнө тилектешбиз”, – деген.

Эскерте кетсек, Ницца шаарында майрамдап жаткан адамдардын тобун белгисиз айдоочу келип тебелеп, ок атканга да жетишкен. Анын кесепетинен азыркы учурда 80ден ашык адамдын каза тапканы жана 120дан ашыгы жабыр тарткан. Айдоочу өлтүрүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү