Кыргызстандын экономикасына негизги соода өнөктөштөрдүн жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүштүн жайлашы таасир берген.

Жарым жылдын ичинде Кумтөр кенин кошпогондо ИДӨнүн реалдуу өсүү темпи 1,2% болгон. Экономикалык көрсөткүчтөр 97,7%ды түзгөн.

Экономикалык өсүшкө айыл чарба секторундагы көлөмдүн 2,9%ды, тейлөө кызматы 2,1%ды, курулуш тармагы 3,6%ды түзгөндүгү себепчи болуп, ошол эле маалда ИДӨгө өндүрүш тармагынын артка кетиши (өсүү темпи 81%) терс таасирин тийгизген.

Негизги өнөктөш болгон Орусия жана Казакстан өлкөлөрүндө керектөө талабы төмөндөп буйрутмалар азайып кеткендиги, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү катаал эрежелери, ата мекендик продукциялардын атаандаштыгынын жоктугу жана Кумтөрдөгү өндүрүш көлөмүнүн азайышы экономикалык өсүштү алсыратканын, экономика министри Арзыбек Кожошев билдирген.