Көзөмөлдүн алынышы эки жуманын ичинде чечилиши керек экендигин пресс жыйын учурунда экономика министри Арзыбек Кожошев билдирген.
Анын айтымында, ветеринардык текшерүүнүн жоюлушу өкмөт башчынын тыкыр көзөмөлүндө. Бүгүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн атайын эскперттердин тобу келген. Алар азыр ветеринардык системанын абалын текшеришип, көзөмөлдү алууга өлкөнүн даярдыгын аныкташат. Жоопту эки жуманын ичинде беришет.
План боюнча кыргыз-казак чегиндеги ветеринардык көзөмөл ушул жылдын 1-августунда алынышы керек болчу.