Тез жардамдын келишине чейин көз жумгандар: Жолдошбаев Мирлан Автандилович (05.08.1986) жана Качкынбаев Арген Алмазбекович (06.07.1997).
Орусиядагы кыргыз элчилиги маалыматына ылайык, Ершовдук райондук ооруканада:
Микроавтобусдун айдоочусу Токтогулов Абай Автандилович (21.04.1981)
Сариев Тагай Сагыналиевич (24.07.1996)
Татаева Алтынай (28.02.1989)
“Элчилик жабыр тарткан кыргыз жарандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турат”,- деп айтылат билдирүүдө.
13- июль күнү Ершов районундагы Энгельс-Озинки унаа жолунда кырсык катталып, бир нече кыргызстандыктар жабыр тарткан.