Бүгүн ички иштер органдарынын быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегиясы болду.

Жыйынга ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, башкы башкармалыктын жетекчилери, борбордук аппараттын кызматкерлери, облустук, шаардык ИИБ жетекчилери, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Министр башкы тергөө башкармалыгын, бангизаттарга каршы күрөшүү, кылмыш иликтөө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жергиликтүү ИИБнын кызматкерлерине оор кылмыштар боюнча иштердин бетинин ачылбай жатканын эскертти.

Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту алдын алуулар, баңгизатка каршы күрөшүү иштерин  жана айрым бир жергиликтүү ички иштер органдарын катуу сынга алды.