Азыркы учурда Pokemon Go жаратуучуларга күнүнө 1,6 млн доллар каражат пайда алып келүүдө.
Оюнчулар покемондорду өзүнүн жанынан, көчөдө, сейил бактарында, дүкөндөрдө издейт.
Орусияда бул оюн жакынкы күндөрү ишке киришет деп айтылууда.
АКШда азыр эле интернет колдонуучулары WhatsApp жана Instagramга караганда Pokemon Go’го көбүрөөк убакыт коротуп жаткандары белгилүү болду.
Жаңы Зеландиянын жашоочусу бул оюнду ойнойм деп жумушунан чыгып кеткен.
Кыскасы покемондорду баары издөөдө: Сириядагы аскер кызматкеринен Израилдин президентине чейин.
АКШда оюнчулардын саны 21 млнго жетти. Акыркы маалыматтарга караганда жүктөөчүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу 2 күн мурун оюн иштебей калган. Азыр бардыгы калыбына келди. Pokemon Go 12 күндө 26 өлкөгө кучагын жайды.