Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан жиберген арыздын негизинде Батыш Тянь-Шань ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча тизмесине киргизилди.
Уюмдун расмий сайтында жарыялангандай, тизмеге киргизүү 10-20-июль аралыгында өтүп ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин 40-сессиясында чечилген.
Мындан тышкары тизмеге Хубэй провинциясындагы (Кытай) Шэньнунцзя, Мистейкен Пойнт (Канада), Архипелаг Ревилья-Хихедо (Мексика), «Санганеб» жана «Бухта Дунгонаб —Мековар аралы» улуттук деңиз коруктары (Судан), Лут чөлү (Иран), Эннеди бөксө тоосундагы жаратылыш маданий ландшафты (Чад) жана Ирактын түштүгүндөгү Месопотомия сазы киргизилген.
Батыш Тянь-Шань Борбордук Азиядагы ири тоо системасынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Анын бийиктиги 700дөн 4503 метрге чейин жетет. Батыш Тянь-Шандын аймагы дүйнөлүк мааниге ээ. Анда бир катар жемиш дарактарынын түрлөрү, токойлору жана уникалдуу өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн көптүгү менен белгилүү.
Буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын Сулайман-Тоосу менен боз үйү кирген.