Унаа күтүп отурган шаар тургундарын зериктирбеш үчүн аялдамаларда wi-fi орнотулат.
Жарандык активист жана долбоордун авторлорунун бири Курманбек Жаанбаев Saat.kgге билдиргендей, кооптуу учурларды жоюу, аялдамалардан түшүп-чыгууну көнүмүш адатка үйрөтүү максатында ушул идея келип чыккан.
Демөөрчүлүк кылган ОсОО Green Light компаниясы.
Акылдуу аялдаманын бүгүн Чүй-Совет көчөсүндө кесилишинде ачылышы болот.
«Эгер Бишкектин тургундарына жакса, анда бул долбоорду улантабыз»,- дейт К. Жаанбаев.