Дыйкан чарба айыл чарба продукцияларын даярдоо, сактоо жана аларды Орусия менен Казакстанга өткөрүү менен алектенип келет.
Орусиялык “Агростар” ири ишканасы Кыргызстандан сапаттуу продукцияларды импорттоого кызыкдар болгондуктан экспорттоого эки тараптуу келишимдер түзүлдү.
Сүйлөшүүлөр тышкы соода тармагы боюнча “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик мекемесинин көмөгү менен ишке ашырылган.
Бүгүнкү күнгө чейин Орусияга 60 тонна сабиз экспорттолгон. Август айында дагы 40 тонна жер жемиш жөнөтүлөт. Учурда 280 тонна сарымсак жана калемпир экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мындай маалыматты экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.