Баткен облусунун Кадамжай районунда бүгүн саат 15:00дө сел жүрдү.

Катуу жааган жаандын кесепетинен Ош-Айдаркен унаа жолунун 125-чакырымынын Лангар жана Көтөрмө–Тамаша айылдарындагы ички чарбалык жолдор сел калдыктарына толтуруп, жол убактылуу жабылган.

Азыркы учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүрүгүзүлүүдө.